www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Москва шаарына учкучсуз учактардын сокку уруу коркунучу бар. Бул тууралуу 1-августта Россия Федерациясынын президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди.
«Бул жерде мен Коргоо министрлигинде айтылгандарга кошумчалай турган эч нерсем жок. Коркунуч бар экени анык, чаралар көрүлүп жатат», — деди Песков.
Журналисттер ошондой эле Песковдон Кремль 2001-жылдын 11-сентябрында Нью-Йорктогу эгиз мунарага кол салуу болгон окуяларга окшоштук көрүп жатабы деп сурашты.
"Жок, андай окшоштук көрбөй эле", - деди Песков.
Жыйынтыгында президенттин басма сөз катчысы эксперттик көз караштан алганда, болуп жаткан окуяларга бир гана аскер кызматкерлери комментарий бере аларын баса белгиледи.
Эскерте кетсек, буга чейин Москванын мэри Сергей Собянин 1-августка караган түнү Москвага жакын жерде бир нече учкучсуз учактар абадан коргонуу (ПВО) куралы менен атып түшүрүлгөнүн билдирген.
"Москвага учуп киргенге аракет кылган пилотсуз бир нече аппаратты абадан кол салууга каршы иштеген система атып түшүрдү. Бир учак өткөндөгү окуя сыяктуу Ситинин ичиндеги мунарага келип тийди. 21-кабаттын деңгээлиндеги фасад талкаланган. Ыкчам кызматтар окуя болгон жерде иштеп жатат", — деп жазган мэр өзүнүн Telegram-каналына.
Булак: NazarNews.kg