www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркмөнстанда акыркы бир нече күндөн бери интернетти чектөө чаралары күчөтүлүп жатат. Бул тууралуу "Азаттыктын" түркмөн кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, буга чейин эч кандай тоскоолдуксуз ачылып келген кытай жана түрк онлайн-дүкөндөрүнүн сайттары, ал эмес чет өлкөлөрдүн Ашхабаддагы элчиликтеринин сайттары да ачылбай калды.

" VPNсиз элчиликтердин сайттары да ачпай калды. Алсак, жарандар көпчүлүк үчүн маанилүү болгон Орусия элчилигинин сайтына кире албай жатышат. Мындан тышкары музыканы, оюндарды, кинотасмаларды жана аудио-китептерди жүктөп алууга мүмкүн болгон сайттар бөгөттөлдү. Аба ырайын көрсөткөн тиркемелер да ачылбай калды", – деди интернетти бөгөттөө иши менен жакындан тааныш булактардын бири.

"Түркмөнстан хроникасы" басылмасы кабарлагандай, өлкөдө Интернетке кирүүдөгү кыйынчылыктар 23-июлдан бери байкалууда. "Интернет өтө туруксуз болууда. Жарандар буга чейин колдонуп келген серверлер, VPN программалар иштебей калды", – деп жазды басылма.

26-июлда Turkmen.news сайты Түркмөнстанда бөгөттөлгөн ири серверлердин, хостингдердин жана веб-сервистердин тизмесин жарыялаган. Алардын арасында Amazon WebServices (AWS), Azure (Microsoft), Google Cloud Platform (GCP), GoDaddy сыяктуу көптөгөн белгилүү хостингдер бар.

Мындан тышкары Түркмөнстанда колдонуучулар үчүн Facebook, Instagram, Twitter, YouTube, Whatsap, Telegram, Signal өңдүү социалдык түйүндөр менен мессенджерлер, ошондой эле Call of Duty: Warzone, Clash of Clans, Counter-Strike: Global Offensive, Fortnite, Minecraft, Roblox, Among Us онлайн-оюндары жеткиликсиз бойдон калууда.

Чикагодогу жана Мэриленддеги америкалык университеттердин маалыматтык технологиялар боюнча эксперттери 2021-2022-жылдары атайын изилдөө жүргүзүп, Түркмөнстанда 122 миңден ашык Интернет-домен бөгөттөлгөнүн аныкташкан.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости