www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Мамлекеттик думага эл аралык уюмдар менен түзүлгөн айрым келишимдерди жокко чыгарууну сунуштады. Бул тууралуу Орусиянын маалымат агенттиктери жазды. «Анын ичинде Дүйнөлүк соода уюмунан жана Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунан чыгуу маселеси каралат», - деди Мамдуманын вице-спикери Петр Толстой.

Ал бардык сунуштар Федеративдик кеңеш менен талкууланаарын, зыян келтирип жаткан келишимдерди кайра карап чыгыш керек экенин айтты. «Орусия Европа кеңешинен чыкты, эми кезекте Дүйнөлүк соода уюму жана Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму турат. Алар биздин өлкөгө карата өз милдеттерин аткарган жок», - деди Петр Толстой.

Орусиянын бийлиги Батыш өлкөлөрү киргизип жаткан санкциялар Дүйнөлүк соода уюмунун эрежелерине каршы келерин айтып келет. Ага байланыштуу 21-мартта Мамлекеттик думага Дүйнөлүк соода уюмунан чыгуу жөнүндө мыйзам долбоору киргизилген.

Ал эми Украина Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Москвадагы кеңсесин жабууну сунуштаган. 10-майда Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Европа комитети да Москвадагы кеңсени жабуу жөнүндө резолюция кабыл алган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости