www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 18-майдагы, парламенттин жыйынында депутат Дастан Бекешев Санариптик өнүктүрүү министрлигинин «Дастан» ТНКсынын жетекчилигине каршы пикирин билдирди. Анын айтымында, ишкананы Алексей Ширшовдун досу Талант Имановго берүү мүмкүн эмес. «Өткөн чакырылышта биз MegaCom компаниясын жана Евразия сактык банкын менчиктештирүүгө макул болгонбуз. MegaCom иши боюнча канча саясатчы СИЗОдо отурушту.

Азыр «Дастан» заводу санариптик өнүктүрүү министрлигине берилген, ошол жерге дата-борбор кылабыз деп жатышат. Жыйынтыгында санариптик өнүктүрүү министрлигин Алексей Ширшовго берип жатабыз. Талант Иманов экөө дос. Экөө тең «Дастанды» көзөмөлдөп турган. Курал-жарак жана торпедалар чыгарылып жаткан учурда завод санариптик өнүктүрүү министрлигине берилген.

Дата-борборду «Кыргызтелеком» же MegaCom компаниясында ачууга болот. Заводду минтип министрликке өткөрүп берүү негиздүүбү, аны комиссияда карап чыгыш керек», - деди Дастан Бекешев.

Белгилей кетсек, буга чейин Санариптик өнүктүрүү министрлигине министрлер кабинетинин атынан бир нече мамлекеттик компаниялардын, анын ичинде «Дастан» заводунун акционери катары иш алып баруу укугу берилгени маалымдалган. Эске салсак, санариптик өнүктүрүү министрлигин азыр Алексей Ширшовдун мурдагы айдоочусу Талант Иманов жетектейт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости