www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош шаарынын эли эртең, 19-майда, таза суу көйгөйүнөн улам митингге чыкканы жатат. Бул тууралуу бүгүн, 18-майда Жогорку Кеңештин депутаты Таалайбек Сарыбашев жалпы жыйында билдирди.
Анын айтымында, жергиликтүү бийлик өз ишин аткарып, долбоорлорду даярдап бүткөн. Бирок министрлер кабинети тарабынан даяр каражат бөлүнбөй жатат.
"Айласыздан митингге чыгабыз деп атышат. Таза сууга каралган 3 миллион долларлык долбоор Жогорку Кеңештен ратификацияланган. Каражат өкмөттүн казынасында турат. Кимдир бирөөнүн кызыкчылыгы барбы же долбоорду өзүнө ыйгарып алайын дейби, түшүнбөй жатам. Акчаны тез арада бөлүп бербесе, Ош шаарынын эли аябай тынчсызданууда. Бардык нерсенин чеги болот. Таза суу көйгөйү да чегине жетти. Жамгыр себелесе эле иче турган суу токтоп калууда", — деди Сарыбашев.
Өз кезегинде, эл өкүлү элдин көчөгө чыгышын күтпөй алдын алуу чараларын көрүүгө чакырды.
Булак: NazarNews.kg