www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун дарегине PIАСтын Башкы катчысы, профессор  Барбара Келлнер-Хейнкеле III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жыйынтыгы боюнча ыраазычылык кат жолдогон.

«III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары, бир нече күндүн ичинде болуп өттү, бирок менимче бул иш-чарага катышкандар, же жөн эле күйөрман болгон кишилер бул оюндарды эч качан унутпайт деп терең ишенем. Бул күндөр, чынында дүйнөлүк деңгээлдеги зор маанилүү жана терең маңыздагы окуя болду. Менин кесиптештеримдин эч кимиси мындай кызыктуу жана кереметтүү ачылыш аземин көргөн эмес. Ошондой эле, суктандырган жана өзгөчө сыймык менен көрсөтүлгөн Кырчын жайлоосундагы үрп-адаттарды биз эч качан унутпайбыз. Мындай маанилүү иш-чарага катышуу га мүмкүнчүлүк түзүп бергениңиздерге ыраазычылык билдиребиз. Биздин эсибизде жалгыз гана жакшы маанай калды.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алдында Мамлекеттик башкаруу академиясы тарабынан көрсөткөн меймандостук Туруктуу Эл аралык Алтай Конференциясынын (PIAC) 61-жыйынын ийгиликтүү өткөргөнгө жана илимий тажрыйба менен алмашууга жакшы шарттарды түзүп берди.

Ошондой эле, биринчи күндөн тартып көрсөтүлгөн чыныгы меймандостук катышкан эл аралык окумуштууларды таң калтыргандыгы тууралуу PIАСтын Башкы катчы катары белгилеп кетким келет. Бул, чынында эле, кереметтүү жана өзгөчө күн болду! Бизге көңүл буруп, конференциянын ишине катышып бергениңиз — биз үчүн чоң таасир калтырды. Баардык катышуучулардын атынан кыргыздардын чыныгы меймандостугун, кайрымдуулугун жана марттыгын көрсөткөндүгүңүз үчүн чоң ыраазычылыгыбызды билдиребиз.

Бул кереметтүү окуя биз үчүн эстен кеткис болуп калды.

Сизге жана Сиздин командаңызга жакшы тилектерди, ал эми кыргыз элине гүлдөп-өнүгүүнү каалайм», — деп белгиленет PIАСтын Башкы катчысы, профессор  Барбара Келлнер-Хейнкеленин  ыраазычылык катында.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости