www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Соронбай Жээнбеков жарандык коомдун өкүлдөрү менен жолугушууда. Иш-чарага Кыргызстандагы кырк алдыңкы жарандык активисттер, бейөкмөт уюмдардын жетекчилери, укук коргоочулар чакырылган. Президенттин маалымат кызматы билдиргендей, “жарандык сектор өкүлдөрү менен Мамлекет башчысынын диалогунун алкагында мамлекеттин турмушуна жана мамлекеттик органдар менен жарандык сектордун ортосундагы өз ара аракеттенүүгө тиешелүү маселелер боюнча пикир алмашуу болмокчу”.

Саясатчы Асия Сасыкбаева өлкө башчынын бул демилгесин туура кадам экенин белгилеп, бирок эгерде мурунку президенттердей кабыл алып, бирок айтылган маселелер чечилбей калып калса, анда жыйынтык болбошун эскертет.

- Маселелерди чечип, жарандык коомго отчет бериши абзел. Ошондо гана коомдо жылыш болот жана Президенттин аброю өсөт. Көтөрө турган көйгөйлөр албетте жөнөкөй эмес, бирок элди чакырып алып, кийин унчукпай койсо туура эмес болуп калат. Ар бир маселени, суроону тийштүү органдарга жиберип, чечилишин текшерип, көзөмөлгө алыш керек. Ушинтип иштеш үчүн система түзүш абзел. Биздин чиновниктер айтып, эскертмейин иштешпейт, ошонусу жаман. Системдүү иштегенди билишпейт жана каалабайт.

Ал эми коомдук ишмер Бакыт Рыспаев катышуучулардын курамы коомдогу көйөйлөрдүн ажого ачык жетип жатканын айгинелейт деп ойлойт:

- Катышуучулардын курамын көрүп, жакшы жагына жооруп жатам. Себеби, ошончо баарын чакырып алып, аларга чектөө койбосо керек. Алар деле унчукпай калчу адамдар эмес го. Ошондуктан, коомчулукта көтөрүлүп жүргөн көйгөйлөр айтылды го деп ойлоп жатам.

Жарандык активист Айбек Мырзанын пикиринде жарандык коом өкүлдөрү бул жолугушууда Президентке өздөрүнүн реформалык сунуштарын берет:

- Менимче, жарандык коом бир топ көйгөйлүү маселелерди, реформалык сунуштарды берет. Президент ошол сунуш-пикирлерди эске алат деп үмүттөнөм. Учурда Президент жарандык коомдун колдоосуна муктаж. Саясий туруктуулукка жарандык коомдун орду чоң. Сунуштарды эске албаса Президенттин өзүнө эле оор болот. Анткени,анын ансыз деле саясий оппоненттери көп.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости