www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектин биринчи вице-мэри Ренат Макенов "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" жана "коррупция" боюнча кылмыш иши козголуп эки айга камалды. Учурда тергөө уланууда.

Макенов Бишкек шаардык мэриясынын кызматгык адамдары менен чогуу Кыргызстандын жер мыйзамдарын бузуп, Бишкектин №12 кичи районундагы 3,5 гектар жерди жеке колдорго мыйзамсыз берип жиберген деп шектелүүдө. Бул кылмыш ишине байланыштуу мэриянын Жер ресурстары башкармалыгынын башчысы Урмат Мурзаканов да коррупцияга шектелип камакка алынды.

Эми бул Макенов көптөгөн сырдын бетин ача турган болсо, Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Пирматов менен Бишкек мэри Албек Ибраимов дагы камалаары кеп болуп жатат, Макенов Пирматовдун эң жакын адамы. Ал эми Ибраимов бизнестеги өнөктөшү катары айтылып келген Пирматов аркылуу Макеновду кызматка алган.

Кыскасы, табакташтар...

Булак: "Фабула"

Последние новости