www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Текебаев Убактылуу Өкмөттүн төрайымына орун басар болор менен, ишин алгач Жалал-Абад «бензокоролу» Пирматовдон баштаган. Андан соң Пирматовго Атамбаев асылды, аны жердеш таразачысы Албек Ибраимов тыйып койду болуш керек. Кумтөр боюнча жаңы бийлик тийишкен. АКШтан 5 жылдык виза алган шойкомдуу «ышпийон» Исхак Пирматов мындан да "камырдан кыл сууругандай" кутулду. Миллиарддап сугунган Пирматов бир ай камакка жатымыш болуп, сугунгандарынын миллиондон бирин бюджетке төгүмүш болуп, таптаза «криссталдай» аппак адамга айланып баратат.  Экс-депутат Исхак Пирматовдун бөгөт чарасы өзгөртүлүп, эч жакка кетпөө тууралуу тил кат менен камактан чыккан. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи май райондук сотунун маалымат кызматы тастыктап, токтом кабыл алынган.

Бул коопсуздук органдарынын айтуусу боюнча: «Анткени, азыркы убакта Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын бөлүмүнүн улук прокурору жана шектелуучу И.А.Пирматовдордун ортосунда кызматташуу жөнүндө келишим түзүлгөн».

Исхак Пирматов УКМКда 2021-жылдын 31-майда сурак бергенден кийин кармалып, эки айга камакка алынган. Атайын кызмат ага Жазык кодексинин «Коррупция» беренеси менен айып койгон. Эми Пирматов менен Албек Ибраимовдун жакындыгынан сөз козгойлу.Октябрдагы дүрбөлөңдөн пайдаланып, түрмөдөн качып жүргөн Албек Ибраимов деген тозоку бар. Албек Ибраимовдун кийлигишүүсү менен  Пирматовго болгон тергөө иштери бир нече ирет токтотулган. Албек Ибраимов жана Исхак Пирматовдун аялдары "TM-ORLAN & Group" ЖЧКсын (ИНН 00804200310074) негиздешип, фирманын уставдык капиталынын 50 пайызы Албек Ибраимовдун аялы Айнура Ибраимовага, калган 50 пайызы “чимкирик парламенттин» депутаты Исхак Пирматовдун аялы Ольга Атогуровага таандык болгон. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу мамлекеттик салык кызматынын берген маалыматтарына ылайык, аталган фирма "Авиациялык жана автомобилдик күйүүчү майды дүңүнөн соодалоо" жана "Негизги каражаттарды (АЗС) арендага берүү" иштери менен алектенет. Фирманын карамагында атайын нефтебазалар, нефти ташуучу ири автомашиналар бар. Албек Ибраимовдун аялы бул фирмага кошулгандан кийин "TM-ORLAN & Group" фирмасынын жолу болуп, көптөгөн сот иштерин жеңип алган. Аламүдүн районунда эле 10дон ашык май куюучу жайларды соттун чечими менен утуп алышкан. Мындан тышкары маалымат каражаттарында "TM-ORLAN & Group" "Дениз" пансионатын да алды деген кабар жарыяланды.

Мына ошентип учурунда жетекчиликке келген Исхак Пирматов, азыр түрмөдөн качып жүргөн Албек Ибраимов менен ийгиликтүү иштешип отурат. Алардын "биргелешкен кызматташуусунда" баары эле байкай бербеген бир жагдай бар. Албек Ибраимов шаарга мэр болуп келери менен Исхак Пирматовдун "Республика" партиясынан Бишкек шаардык кеңешине депутат болуп шайланган эжеси Асел Пирматова оппозицияда болсо да Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары болуп шайланган. Бишкек шаардык кеңешине болгон шайлоодо Асел Пирматова СДПКнын лидерлеринин бири Албек Ибраимовдун колдоосу менен СДПК партиясынын тизмесине киргизилген.

Ошентип Пирматовдордун үй-бүлөсү, президент А.Атамбаев 1-декабрда берген пресс-конференциясында "иним" деп сыймыктануу менен атаган Албек Ибраимов менен тыгыз кызматташкандыгын байкоого болот. Мындай көрүнүш окуу куралдарында "саясый коррупция" деп аталат. Жеке кызыкчылыгы, бизнеси бир адамдарды колдоп, аларды ар кандай кызматтарга коюп, саясый жактан келечегин ачып турган аракеттерди "саясый коррупция" деп коет. Мына ошентип А.Атамбаев пресс-конференцияда өзү коррупционер деп жарыялаган пирматовчулар менен А.Атамбаев жана анын санаалаштары саясый өңүттөн гана эмес, бизнес чөйрөсүндө дагы терең чырмалышканын жогорудагы мисалдар далилдеп отурат.

Исхак Пирматовдун орду түрмөдө экенин учурунда Өмүрбек Текебаев баса белгилеген. 2012-жылы Башкы прокуратура "Кыргызнефтегаз" ААКда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кылмыш ишин козгогон. Аталган компанияны депутат Исхак Пирматов жетектеп келген. 2009-2010-жылдын биринчи кварталында "Кыргызмунайгаз" ААКтын жетекчилиги мунай продукциясын туунду юридикалык жана жеке жактар ​​менен камсыздоо боюнча атайылап пайдасыз келишимдерди түзүп, "Кыргызмунай" ЖЧКсынын кызматкерлери менен макулдашып, акыркы мунай продуктыларын арзан баада сатканы маалым болгон. Ошол убакта келтирилген зыяндын саны 100 миллион сомдон ашык болгону белгиленген. Бирок, 2014-жылы Албек Ибраимовдун кийлигишүүсү менен  тергөө иштери токтотулган.

«Кыргызнефтигаз» ишканасын талап-тоноп баса бергендиги эле анын канчалык коррупционер экендигинен кабар берет. Ага 2012-жылы ошондогу Башкы прокурор Аида Салянова кылмыш ишин козгоо үчүн депутаттардан уруксат сураганда, «карга карганын көзүн чукубайт» болуп, эл өкүлдөрү кесиптешин калкалап калышкан. Пирматов ал убакта сүттөн ак экенин айтып, жанын жеген. Эми минтип жанын абактан аман алып калуу үчүн мамлекетке келтирген зыяндын бир бөлүгүн калыбьша келтирүүгө жетишиптир. Бул эмнеден кабар берет? Өзүиүн күнөөсүн моюндагандык эмей эмне? Ак, таза болсо бермек эмес. Пирматовго окшоп ар бир бийликтин эбин таап, колтугуна кирип, кылган кылмыштарын, мыйзамсыз иштерин жаап-жашырып, жазадан кутулуп келе жаткан чиновниктер жетишерлик.

Садыр Жапаров президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр болуп дайындалгандан кийин Түштүк регионун кыдырууга барган. Эл менен жолугушуу учурунда бир пенсионер ачыктан-ачык эле «урматтуу Садыр мырза, урматтуу Камчыбек мырза, бизде Пирматов Исхак Айтбаевич деген коррупционер бар. Бул жигит 586 миллионду бензин менен соляркага, анын үстүнө бир бакчаны, бир заводду, Шопоковдо 10 миллион долларлык базаны 7 миң долларга алган. Бул коррупциялык ишти ачкан балдар 2011-жылы бир жылдан ашуун отуруп, азыр
ишсиз талаада калышты. Ушул ишти карап бериңиз. Менде баардык далилдүү кагаздар бар» деп кайрылып, бир чоң папке кагазды көргөзгөн.

Бул боюнча президент Садыр Жапаров, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев чара колдонуп кылмыш иштери тергөөгө алынган.

Пирматовдун мындай кылмыштуу иштерине укук коргоочулар эмне дейт? «Буга чейин депутат Исхак Пирматовго «Кыргызнефтегаздагы» коррупциялык ишмердиктери, миллиондогон доллар өлчөмүндө мамлекетке зыян келтиргени боюнча кылмыш иштери козголбоду беле? Андан сырткары «Манас» эл аралык аэропортундагы май ташуу боюнча көмүскө бизнес жүргүзгөнү, Бишкек мэриясынан жерлерди алганы, эл 4 сотых жерге жетпей жүрүшсө Чүй облусунан да жүздөгөн айыл чарба багытындагы гектарларды энчилегени ыраспы?

Беловодскидеги, Балыкчыдагы жана түштүк регионундагы нефтебазаларды менчиктештирип алганбы? Деги эле Исхак Пирматовдун шектүү ишмердиктерин күч органдары эмнеге ачыктабайт?» деген суроону укук коргоочу Төлөйкан Исмаиловага узаттык.

- Сурооңуз өтө татаал экен. Кептин баары кыргызча айтканда, «иттин өлүгү кайда көмүлгөн?» дегендей суроо тура. Кыргыз мамлекети эгемендик алган 30 жылдан бери сот системасы бийликтин башындагы адамга көз каранды болуп келген. Алардын айдагына жараша иш кылышат.

Бирок, бийликке ким келбесин, «биз сот реформасын жүргүзөбүз. Алар бизге көз каранды эмес» деген сайын кептин баары ошол жакта сыяктанат. Коррупция боюнча канчалаган кылмыш иштери козголот? А жыйынтыгында айдакталган сот коррупционерлерди актап коюп атышпайбы! Өлкөдө эгемендүү, ачык сот болмоюнча, «бул, же тигил коррупционер» деп айта албайбыз. Анткени, «презумпция невиновности» ар бир жаранга таандык. Сот системасында реформаны жана эгемендүү сотту эл күтүп жатат», - дейт Төлөйкан Исмаилова.

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Пирматов Ала-Бука районунун Өрүктү айыл өкмөтүнө караштуу 50 гектар жерди мыйзамсыз менчиктештирип, шабдалы, гиляс бак кылып алган. Бул тууралуу Кубанычбек Турдалиев аттуу жаран билдирген. Албек Ибраимов деген качып жүргөн “зэк” кемпай экен бир ай жатып чыгып, сугунганынын миллиондон бирин берип чыгып кете берсе болмок...

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости