www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Күйүүчү майдын баасы рекорддук чекке жетти

Кыргызстанда доллар, евро жана алтындын баасы бир аз төмөндөп, күйүүчү май кымбаттады.

Экинчи күн катары менен АКШ акчасы арзандады. Шаршемби күнгө салыштырмалуу сатуу (84,65 сом сом) жана сатып алуу (84,27 сом) 11 тыйынга арзандады. Еврону сатып алуу (98,86 сом) 15 тыйынга, сатуу (100,25 сом) 13 тыйынга төмөндөдү. Теңге менен рублдин наркы билинер-билинбес гана өзгөрдү.

Күйүүчү майдын баасы:

"Роснефть":

АИ-92 — 53,4 сом;

АИ-95 — 56,8 сом;

Дизель майы — 48,5 сом.

"Газпром нефть Азия":

АИ-92 — 53,5 сом;

АИ-95 — 57,5 сом;

Дизель майы — 48,5 сом.

Бул ортодо АИ-95 үлгүсүндөгү бензиндин биржалык баасы үч күн катары менен рекорддук көрсөткүчтө турганы белгилүү болду. Санкт-Петербург эл аралык товар-сырье биржасында бир тонна бензин 59 849 рублге бааланып, сутка ичинде 0,59 пайызга кымбаттады.

Ал эми алтын куймалары арзандап, бир граммы мурдагыга калыштырмалуу 61 сомго төмөн сатылууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости