www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Партиянын талапкерин шайлайбы же жеке жаранды шайлайбы эл чечсин», - деди бүгүн, 22-июлда NazarNews маалымат агенттигине Талас облусунун экс-губернатору Айбек Бусурманкулов.

- Айбек мырза, президент кечээ депутаттар менен шайлоо мыйзамдарын талкулап, бир мандаттуу шайлоодон кеп кылыптыр. Бир мандаттуу шайлоо шайлоо системасындагы коррупцияга бөгөт кое алабы?

- Бир мандаттуу округдардан жалаң гана байлар, бандиттер келет деген туура эмес. Ким келет ал шайлоочулардын аң-сезиминен, акча факторунун азайтуу механизмдеринен көз каранды. Кеп Конституциялык ар бир жаранга шайланууга укук берилгендигинде. Убагында оппозициялык күчтүү депутаттар бир мандаттуу округдардан келген.

Мисалы, А. Масалиев, А. Бекназаров, Д. Садырбаев, Болот Шер, Ө.Текебаев, А. Мадумаов, И Исаков, И. Кадырбеков, Э. Булекбаев, Б. Асанов жана башка. Негизи жаңы Конституция боюнча Президенттик башкаруу болгондон кийин, уткан партия же партиялардын коалициясы Өкмөттү курай албагандан кийин, партияларга бир мандаттуу округдардан талапкерди көргөзүү укугу берилгенден кийин, партиялык идеолигия жокко эсе болуп, талапкерлер партиядан партияга секирип, саясий сойкулуктун үлгүсүн көрсөтүп, партиялык тизмеге кирүүнүн негизги талабы катары акчага болгон шартта, 35 эмес 90 депутатты тең бир мандаттуу округтардан шайласак туура болот.

Партиянын талапкерин шайлайбы же жеке жаранды шайлайбы эл чечсин. Кыскасы, эркекти шайлайбы же аялга добуш береби? Улгайган адамды тандайбы же жаштарга ишеним артабы ал элдин тандоосуна жараша болушу керек. Кыскасы, партияга элдин ишеними күчтүү болсо көпчүлүк округдардан утуп чыкса болот. Конституцияда баарыбыздын укугубуз бирдей. Эч кандай жасалма квоталык чектөөлөр болбошу керек.

- Бир мандаттуу шайлоо чындап акчасына эмес, акылына ишенген депутаттардын келишине шарт түзөбү?

- Ооба. Ар бир жаран шайланууга укук алат. Эл тандайт кимди депутат кылыш керектигин. Таза ачык күрөш болот. Жергиликтүү бийлик талапкер менен эл ортосундагы жолугушууларды уюштуруп, талапкерлнрдин ортосундагы дебаттарды өткөрүүгө шарт түзүп бериш керек жана акча факторун жокко чыгарышы керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости