www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Калктын элүү пайызы эмделсе чектөөлөр алынат деген ойдобуз”, - деди бүгүн, 22-июлда маалымат жыйында NazarNews маалымат агенттигине Республикалык ден-соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун адиси Рысбек Букардинов.

--“Кыргызстандын калкынын 2,7 пайызы коронавирус инфекциясына  каршы эмделди. Бул жарымына дагы жете элек. Мисалы, Улуу Британияда бардык чектөөлөр алынып, беткп тагынуу дагы токтотулду. Алардын элдери кубанып жатышат. Анан биздин жарандарда "эмнеге аларда чектөөр алынды?" деген суроо пайда болду.

Себеби, алардын калкыны саны 63 миллион болсо, алардын 50 пайызы вакцина алды. Ошондуктан бардык чектөөлөр алынды. Бирок ошого карабастан дагы деле вакцина алууну улантууда. Бизде жок дегенде элүү пайызга жетсе чектөөлөр алынат деген ойдобуз.

Белгилей кетсек, КРнын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, райондук администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн, ыктыярчылардын медицина кызматкерлери менен тыгыз кызматташтыгынын натыйжасында эмдөө компаниясы ийгиликтүү жүзөөгө ашырылууда”, - дейт Букардинов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости