www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Джо Байден Зеленский менен расмий жолугат

АКШнын президенти Джо Байден 30-августта Ак үйдө Украинанын президенти Владимир Зеленскийди кабыл ала турганы жарыяланды.

Байдендин администрациясынын билдирүүсүндө аталган визит АКШ Украинанын аймактык бүтүндүгүн жана суверендүүлүгүн айныксыз колдой турганын көрсөтөт деп белгиленген.

Зеленский Twitter баракчасына Байден менен майнаптуу жолугушуу болоруна ниеттенип жатканын жазды.

Анын айтымында, жолугушууда Донбасста тынчтык орнотуу жана Крымды кайтарып алуу маселелери талкууланат.

Мындан мурда Владимир Зеленский АКШ менен Орусиянын президенттеринин Женевада 16-июнда өткөн жолугушуусуна чейин президент Джо Байден менен жолугушуу ниети бар экенин айткан болчу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости