www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Марлен Маматалиев: «Таза шайлоо өтөт деген убаданы алдык»

«Таза шайлоо өтөт деген убаданы алдык», - деди бүгүн, 22-июлда NazarNews маалымат агенттигине Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев.

- Марлен Абдрахманович, президент менен жолугушууда кайсыл темага басым коюлду?

- Кечээ күнү президент менен жолукканда бир топ маанилүү мыйзамдар, кодекстерди каникулга чейин элге жана саясий продураларга керектүү, конституцияга шайкеш келиши керек болгон мыйзамдар тууралуу сүйлөштүк. Анын арасында шайлоо мыйзамы да бар. Шайлоо мыйзамдары боюнча сунуштарды берип, пикирлерди уктук. Жолугушуу бир мандаттуу шайлоого, аралаш шайлоо системасына кимдин көз карашы кандай экенин билген жыйын болду. Кандай чечим кабыл алаарыбыз бүгүн белгилүү болот. Концепциясын кабыл алып, экинчи, үчүнчү окууда бир келишимге келели дегенди болжолдуу макулдаштык.

- Таза шайлоо тууралуу кеп болдубу?

- Шайлоо таза өтөбү, өтпөйбү бул боюнча да чоң талкуу болду. Шаардык кеңештеги айрым жагдайлар да айтылды. Буюрса, таза шайлоо өтөт деген убаданы алдык.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости