www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Коронавирусту эмдөө жолу менен гана токтото алабыз”, - деди бүгүн, 22-июлда маалымат жыйында NazarNews маалымат агенттигине Республикалык ден-соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун директорунун орун басары Нуржамал Шейшеева. 

--“Элдин саламаттыгын ойлоп, күн-түн дебей иштеп жүргөн медицина кызматкерлеринин эмгегин теңге илбей, эл арасында коронавирус инфекциясына каршы эмдөө жөнүндө фейк-маалыматтарды таратып жаткандары бизди өкүндүрөт. COVID-19ду эмдөө жолу менен гана токтото алабыз.  

Кыргызстанда канчалык бат коллективдик иммунитет пайда болсо, COVID-19 оорусунун жайылышы да ошончолук бат токтойт.

Азыр биздин дарыгерлер жалпы коомчулукка COVID-19 жана эмдөөнүн зарылчылыгы тууралуу маалымат берип, жарандарга эмдөөдөн өтүүнү эскертишүүдө.

Чет мамлекеттерден келген вакциналардын бардыгы саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы атайын департаменттен текшерүүдөн өтүп, анализденген соң уруксат берилет. Андыктан ар кандай туура эмес маалыматтарга азгырылбашыбыз керек”, - дейт Шейшеева. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости