www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 22-июлда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар «Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети жөнүндө» конституциялык мыйзамдын долбоорун биринчи окуудан карашты. Бул маселе боюнча юстиция министри Асел Чынбаева баяндама жасады.

Анын айтымында, мыйзам долбоорунун демилгечиси президент болуп саналат жана долбоор КР Конституциясын ишке ашыруу максатында иштелип чыккан.

«Документ тарабынан Министрлер кабинетинин укуктук статусу, анын түзүмү жана курамы, ыйгарым укуктары, жоопкерчилиги, ишмердүлүүгүн уюштуруунун тартиби, ошондой эле Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңеш жана бийликтин башка органдары менен кызматташуу тартиби аныкталган», - деди баяндамчы.

А.Чынбаева мыйзам долбоорунда Министрлер кабинетинин курамын дайындоонун жана түзүүнүн жаңы тартиби көрсөтүлгөнүн кошумчалады.

Депутат Сайдулла Нышанов талапкер үч жолу парламенттен өтпөй калса, президент Министрлер кабинетинин башчысын жана мүчөлөрүн кантип дайындай турганы боюнча нормаларды сурады.

Депутаттар Осмон Турдумамбетов жана Рыскелди Момбеков өз кезегинде мамлекеттик сыйлыктары бар кабинет мүчөлөрү иммунитетке ээ болоору тууралуу нормага көңүл бурушту.

Депутат Аалы Карашев да ушул норма боюнча пикирин билдирип, Кыргызстандын бардык жарандары мыйзам алдында бирдей экенин эскертти.

«Эгер кимдир бирөө кылмыш жасаса, мыйзам чегинде жооп бериши керек», - деди эл өкүлү.

Юстиция министри А.Чынбаева мыйзам долбоору биринчи окуудан каралып жатканын, аны толуктап иштеп чыгууга мүмүнчүлүк бар экенин билдирди.

«Сиздер айткан нормада бир аз алешемдиктер бар окшойт, биз өзгөртүүлөрдү киргизгенге даярбыз», - деди А.Чынбаева.

Депутаттар Карамат Орозова жана Айнуру Алтыбаева Министрлер кабинетинин мүчөлөрү кызматтык турак-жай менен камсыз кылынат деген нормага каршы пикирлерин билдиришти.

Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү Алмасбек Абытов аталган мыйзамды жана «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө», «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамдын долбоорлорун кайра иштеп чыгууга жөнөтүүнү сунуштады. Эл өкүлдөрү бул сунушту колдоого алышты.

Ошондой эле «Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө» мыйзамдын долбоору экинчи окуудан каралып, добуш берүүгө жиберилди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости