www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Планеталарды жеген жылдыз

Чөйрөдөгү планеталарды өзүнө тартып жуткан жылдыз табылды

Илимпоздор жер шарынан 300 жарык жылы алыстыкта жайгашкан, Күнгө өтө окшош болгон жана айланасындагы планеталарды жеген жылдыз табышты.

«Astronomy and Astrophysics» журналында жарыяланган изилдөө, Күнгө эгиздей окшошкон жана 6 миллиард жашында экени божомолдонгон «HIP 68468» аттуу жылдыздын чөйрөдөгү планеталарды өзүнө тартып жутканын аныктады.

Иликтөөнү жүргүзгөн эл аралык топтон Чикаго университетинин окутуучусу Jacob Bean: «Табылган дилилдер, жакынкы келечекте бир күнү Күндүн да Жерди ичине тартып жок кылаары түшүнүгүн бербейт. Бирок жылдыз системалары, планетанын системалары үчүн окшош өзгөчөлүктөргө ээ болушу мүмкүн экендигин байкашыбызга өбөлгө болууда»,-деди.

Йель университетинен Дебра Фихте: «Компьютер моделдөөсү, күнүбүздөн миллиарддаган жылдан кийин Меркурийдин планеталардын арасында массалык тартылуу күчүнүн биригишинен Күн тарабынан жутула турганын көрсөтүүдө»,-деп айтты.

Чилидеги Ла Силла обсерваториясында жайгашкан 3,6 метрдик телескопту колдонгон изилдөөчүлөр, HIP 68468  жылдызынын орбитасында бирөө Нептундан 50 пайыз, экинчиси болсо Жерден 3 эсе чоң эки планета аныкташты.

Изилдөөчүлөр HIP 68468 жылдызынын, ысыкка чыдамдуу металлдарга толгон жарча планеталарды жутканы үчүн ошондой эле жаштагы жылдыздан 4 эсе көп литий камтыганын билдиришти.

Булак:"trt.net.tr"

Последние новости