www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экономика министри Олег Панкратов кызматкери ооруп, бир эле күн семинарга барбай калганын айтты.

Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиеваөзүнүн Facebook баракчасына ага аткаминерлердин чет өлкөгө болгон иш сапарлары тууралуу ар кандай каттар келип жатканын айтып, министрликтердин кызматкерлерин текшерүүнү сунуштаган.

"Мага буга чейин эмгек жана социалдык өнүгүү министринин мурдагы орун басары Зууракан Каденова барган КОИКА долбоорунун катардагы кызматкерлери чыгып, экономика министрлигинин коомдук башталгыч класстагы кеңешчиси Айнура Жакыпова иш сапары учурунда 10 күн семинарга барбай, өзүнө операция (сурмасынабы айтор, косметологиялык) жасатып жүргөнүн айтышты. Иш сапарды толугу менен КОИКА каржылаптыр", — деп жазган эл өкүлү.

Бул боюнча Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Айнура Жакыпованын өзү менен байланышууга аракет жасады, бирок андан майнап чыккан жок.

Ал эми экономика министри Олег Панкратов кызматкери бир эле күн ооруп, семинарга барбай калганын айтты.

"Айнура Жакыпова бизде чындап эле коомдук башталгыч класстагы кеңешчи болуп иштейт. Бирок ал мамлекеттик бюджеттин эсебинен айлык акы албайт жана иш сапарлары да каржыланбайт. Жакыпова Кореяга КОИКА компаниясынын чакыруусу менен окууга барган. Компания өкүлдөрү менен байланышып сүйлөшсөм семинарларды калтырбай эле катышканын айтышты. Өзүнөн сурасам ооруп калгандыгына байланыштуу бир күн семинарды калтырганын айтты. Негизи биз чет өлкөгө жолдомону жакшы иштеген кызматкерлерге беребиз. Иш жагынан ага эч кандай дообуз жок", — деди Панкратов.

Кызматкеринин пластикалык операция жасаткан жасатпаганын министр байкабаганын жана ал анын жеке иши экенин кошумчалады.

Булак: "Спутник"

Последние новости