www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мурдагы саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевдин абалы турукташып ооруканадан чыгарылды. Бул туурасында журналисттерге Улуттук кардиология жана терапия борборунун директору Акпай Сарыбаев билдирди.

Анын айтымында, экс-министр кечээ, 16-июлда, үйүнө чыгарылган.

"Ал мындан ары үй шартында обочолонуп дарыланат. Негизи эле ооруканадан орун бошотуу үчүн канааттандырарлык абалдагы бейтаптарды үйүндө дарыланууга чыгарып жатабыз", — деди Сарыбаев.

Космосбек Чолпонбаев 9-июлда түнкү саат 12.00дөр чамасында жүрөктүн коронардык оорусу менен оор абалда Кардиология борборуна жаткырылган. Кийинчерээк андан эки тараптуу пневмония дагы аныкталган.

Эске сала кетсек, Космосбек Чолпонбаев кээ бир фармацевтикалык компаниялардын кызыкчылыгын көздөп, коррупциялык иштерге баруу фактысы аныкталгандан кийин Финпол тарабынан суракка чакырылган. 

8-июлда анын абалы начарлап "Тез жардам" менен ооруканага жеткирилгенин жана ага 2 тараптуу пневмония, 2-типтеги кант диабети, жүрөктүн коронардык оорусу деген диагноз коюлганын уулу Эркин Чолпонбаев маалымдаган болчу.

Чолпонбаев 2018-жылы 20-апрелде саламаттык сактоо министри болуп дайындалган. Быйыл коронавирустун алдын алуу иштерин чабал аткарганы үчүн президент Сооронбай Жээнбековдон тил угуп, 1-апрелде кызматтан алынган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости