www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Пневмониядан каза болгондордун саны 2,5 эсе көбөйдү

Статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, 2020-жылдын январь-сентябрь айларында пневмония менен жабыркаган 26 миң адам катталды. Ал эми 2019-жылы бул убакытта 24 миң адам ооруган.

«Пневмония менен жабыркаган адамдардын кыйла көбөйүшү өткөн жылдын январь-сентябрь айларына салыштырганда Бишкек шаарында жана Ысык-Көл облусунда 1,9 эсеге, ошондой эле Чүй облусунда 11,5 пайызга белгиленди.

2020-жылдын январь-сентябрындагы өлүмдүн себептери: жарымынан көбү (52 пайызы) кан айлануу системасынын ооруларына, 11 пайызы шишик ооруларына жана дем алуу органдарынын ооруларына 7 пайызы туура келди.

2019-жылдын январь-сентябрында пневмониядан 444 адам каза болгон.

2019-жылдын январь-сентябрында пневмониядан каза болгондор 100 миң адамга 9 учур болсо, 2020-жылдын январь-сентябрында 23 учурга жетти. Бул 2,5 эсеге көп», - деп айтылат билдирүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости