www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Ахбор» сайтынын башкы редактору Мирзо Салимпур көз карандысыз интернет басылманын ишин токтотууну чечкенин жарыялады. Анын айтымында, сайтты жабууга Тажикстан Жогорку сотунун негизсиз чечиминен улам жаралган көйгөйлөр себеп болду.
Мирзо Салимпур өз билдирүүсүндө Жогорку сот «Ахборду» Тажикстанда тыюу салынган сайттардын катарына киргизгенден кийин көптөгөн юридикалык маселелер жаралганы айткан.
«Тилекке каршы, дал ушул негизсиз чечимден улам журналисттер өз материалдарын эркин жөнөтө албай, эксперттер жана чиновниктер күндүн курч темалары жөнүндө маек курбай калышты. Алардын баары тыюу салынган басылма менен кызматташууга айыпталышы мүмкүн», – деген ал.
Мирзо Салимпур кайрадан жаңы сайт ачууга ниеттенип жатканын билдирди. Анын айтымында, жаңы маалымат ресурсу да көз карандысыз жана бейтарап болуп, Тажикстан жана чөлкөмдөгү окуяларды чагылдырып турат.
«Ахбор» маалымат сайты төрт жыл мурун Прагада түзүлгөн. Соңку эки жылдан бери Тажикстанда ачылбай калган.
Булак: NazarNews.kg