www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Омск шаарында ооруканадан качып кеткен үч жашар баланын энесин издеп жатышат. Ал мас абалында төртүнчү кабаттан уулу менен түшүүгө аракет кылып жаткан жеринен кармалып, ооруканага түшкөн. Бул тууралуу облустун Ички иштер мини стрилигине шилтеме берип, орусиялык маалымат булактары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, 18-апрелде кечке жуук, күбөлөр полицияга билдиргендей, баласы бар аял Омск шаарынын Менделеев проспектисиндеги турак үйдүн төртүнчү кабатынын терезесинен түшкөн. Тургундар жана өтүп бара жаткан адамдар куткаруу операциясын уюштуруп, түшүп келе жаткан аялдын колунан коё берилип кеткен үч жаштагы баланы кармап калышкан. Бала ооруканага жеткирилген. Анткени ал жыгылганда үйдүн дубалына башын урган.
“Бала дарыгерлердин көзөмөлүндө, анын өмүрүнө эч кандай коркунуч жок. Аялды Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери түшүрүшкөн. Ал ошондой эле мас абалда болгондуктан ооруканага жаткырылды. Бирок, эртеси күнү баланын энеси ооруканадан уруксатсыз чыгып кетти. Учурда аны кылмыш иликтөө кызматкерлери издеп жатышат”,-деп айтылат малыматта.
Баланын энеси профилактикалык учетко алынат. Ал Россиянын Административдик укук бузуулар жөнүндө кодексинин 5.35-беренеси боюнча ата-энелик милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн айыпка тартылат. Омск шаарындагы Ички иштер министрлигинин Омск башкармалыгынын №7 ПДН бөлүмүнүн башчысы Аягоз Ахметованын айтымында, анын туугандары “туура эмес жашоо мүнөзү үчүн” баласы менен кошо үйүнө камап коюшкан.
Булак: NazarNews.kg