www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Польшада Орусиянын пайдасына тыңчылык кылган деген киши кармалып, 3 айга камакка алынды. Шектүү Польшада, Европа Биримдигинде жана башка өлкөлөрдө иш алып барчу. "Бул - орус пропагандасынын жана жалган маалымат таратуу долбоорунун бир бөлүгү болчу. Алар Польша менен Еврошаркеттин дүйнөлүк сахнадагы позицияларын алсыратууну көздөшкөн", - деп айтылат Улуттук прокуратура 10-июнда тараткан билдирүүдө.

Прокуратура ал адамдын үйүн жана ага байланышкан кеңселерди тинткенде 81 миңден көп долларга тете улуттук акча жана көптөгөн “маалымат чогулткан технологиялык жабдыктар” табылганын кошумчалады.

Маалыматка караганда, орус чалгын кызматына иштеген адамдардан буйрук алып турган шектүү польшалык жана чет өлкөлүк саясатчылар, анын ичинде Европа парламентте иштеген аткаминерлер менен байланыш түзүүгө аракеттенген.

Орусия азырынча бул окуя тууралуу комментарий жасай элек.

Кармалган адам күнөөлүү деп табылса, 10жылга чейин кесилиш мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости