www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Казакстандын бийлиги сугат суу маселесин чечүү үчүн өкмөттөр аралык макулдашууларды жана программаларды даярдап жатат. Бул тууралуу Казакстандын экология, геология жана жаратылыш ресурстары министринин орун басары Серик Кожаниязов билдирди.
Сырдарыядагы суунун аздыгынан быйыл Кызыл-Ордо облусунун фермерлери күрүчтү 2020-жылга салыштырмалуу 5 миң гектарга аз айдашкан. Учурда дарыядагы суу аз болууда. Ал күрүч талааларын сугарууга жетпейт.
Кожаниязов билдиргендей, Казакстан Тажикстанга техника жана күйүүчү-майлоочу май берип, ордуна сугат суу алат. Учурда Тажикстан менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө.
Ал эми Кыргызстан Казакстанга 370 млн куб суу берип, ордуна 370 млн киловатт-саат электр энергия алат. Өзбекстанга дагы ушундай эле жол менен 250 млн киловатт-саат электр энергиясы берилет.
Буга чейин Тажикстан Бахри-Точик суу сактагычынан Казакстанга 315 млн куб суу берүүгө макул болгону айтылган. Суу Кыргызстан аркылуу Түркстан жана Кызыл-Ордо облустарына жеткирилет.
Булак: NazarNews.kg