www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

КРнын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин  төрагасы Камчыбек Ташиев жана БУУнун БКБнын Кыргыз Республикасындагы Программалык кеңсесинин башчысы Андрей Селезнев жолугушту.

УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө уюшкан кылмыштуу топтордун баңги бизнесине каршы күрөшүү, коррупция, терроризмге жана кибер кылмыштарга каршы аракеттенүү жаатында кызматташуунун багыттары талкууланды.

Камчыбек Ташиев Кыргызстандын тарыхында жалпы салмагы тоннадан ашык героин жана баңгизаттарынын башка түрлөрүнүн ири көлөмдө кармалышын, ошондой эле акыркы 6 ай ичинде коррупцияга жана уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөшүү чөйрөсүндө чуулгандуу камакка алуулар, жогорудагы багыттагы күрөштүн көрсөткүчү болуп саналаарын белгилеп кетти.

Өз кезегинде Андрей Селезнев Кыргыз Республикасынын ушул жетишкендиктеринин маанисин тастыктап, баңги заттарынын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү жаатында жана БУУнун БКБнын позициясынан УКМКнын демилгелерине керектүү жардам көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

Киберкоопсуздукту Координациялоо Борборунун директору Жаныбек Жоробаев жолугушуунун катышуучуларына киберкоопсуздук жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруунун алкагында «КиберПарк» түзүү жөнүндө айтып өттү.

Жолугушуунун жыйынтыгында БУУнун БКБнын программаларынын алкагында УКМКнын потенциалын жана мүмкүнчүлүктөрүн чыңдоо боюнча биргелешкен аракеттерди көрүү зарылчылыгы жөнүндө бир пикирге келишти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости