www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Кумтөр голд компани" ишканасы АКШда демилгеленген банкроттук жол-жобого тынчсыздануу билдирди. Маалымат 10-июнда компаниянын социалдык баракчасына жарыяланды. 

Анда компания түзүлгөн күндөн тартып Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык иш жүргүзүп келатканы айтылган. Компания кыргыз мыйзамдарына гана баш ийип, АКШнын банкроттулук боюнча сот чечими колдонулбаштыгы керектиги белгиленген.

"Компания өзүнүн социалдык милдентемелерин, Кыргызстандын бюджетинин, өзүнүн кызматкерлеринин жана жалданма уюмдардын алдында бардык милдеттенмелерин аткаруусун улантат", - деп жазылган билдирүүдө.

АКШдагы банкроттуулук боюнча сот 8-июнда “Кумтөр Голд” жана “Кумтөр Оперейтинг” компанияларынын өтүнүчүн канааттандырган. Нью-Йорктун Түштүк округуна караштуу бул соттун судьясы Лиза Бекермандын чечимине ылайык, эки компанияны юридикалык же административдик жоопко тартууга, алардан доо өндүрүүгө жана ал ишканалардын мүлкүн тартып алууга тыюу салынат. Ошондой эле кендин ишине байланыштуу келишимдерди токтотууга же өзгөртүүгө да болбойт. Бул чектөө бардык жеке адамдарга жана чет өлкөлүк же жергиликтүү өкмөттүк мекемелерге да тиешелүү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости