www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Уланбек Исмаилов:

Ысык-Көл районунда малдын көбүнөн көлдүн жээги кык болуп кетти. Бул тууралуу депутат Уланбек Исмаилов Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында билдирди.

--"Совет маалында Ысык-Көл районунун малы Челек деген Казакстандын жайлоосуна чыкчу эле. Союз ыдырагандан кийин ал жерге жайылбай калды. Челек жайлоосу деле казак бир туугандарга алыс жайлоо. Ал эми Ысык-Көл районунун малчыларына абдан жакын, ыңгайлуу болчу. Бул оор маселе экенин түшүнүп турам, бирок муну көтөрбөскө айла жок. Азыр ал жайлоодо жапайы мал-жандык көбөйүп, өрт коопсуздугу да күчөп турат. Казакстан менен жакын карым-катнаштабыз. Эл аралык сүйлөшүүлөр болгондо бул маселени көтөрүп көрүш керек", - деди депутат. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости