Уран Рыскулов: «Тажиктерди ким көкүтүп жатканын билиш үчүн алгач Россияны ким башкараарын билишибиз керек»
Саясат  |   |  1215

«Тажиктерди ким көкүтүп жатканын билиш үчүн алгач Россияны ким башкараарын билишибиз керек», - деди бүгүн, 10-июнда NazarNews маалымат агенттигине жарандык активист Уран Рыскулов.

- Уран байке, Баткендеги кандуу окуядан кийин тажиктердин Чоң-Алайдагы талаштуу жерге контейнер орнотушканы боюнча түрдүү кептер айтылууда. Аларды ким ошондой жолго түртүп жатат? Же алар абалдан чыгуу үчүн аргасыз ошол жолго барыштыбы?

- Менимче тажиктерге деле чыр-чатактын кереги жок. Булар сырткы күчтөрдүн жетегинде калды окшойт. Тажиктерди ким көкүтүп, эл аралык мыйзамдарды бузганга шыкактап жатканын билиш үчүн алгач Россияны ким башкараарын билишибиз керек.

- Россияны да сырттан бирөөлөр башкарабы?

- Чоң держава болгонуна карабай Россиянын ушундай абалга кептелгенине караганда алар дагы сырткы күчтөрдүн  колониясы болуп калып калгандай сезиле баштады. Ошон үчүн Россияга да Орто Азияда өрт чыкканы пайдалуу окшойт. Ошон үчүн тажиктер кыргыздын куралсыз, тынч жашап жаткан элине кол салып жатса да, ОДКБнын жыйыны Тажикстанда өтүп жатканына карабай маани беришкен жок. Ошондой эле бишкектин жанында Россиянын аскердик базасы турганына карабай тажиктердин согуш ачкандары да кызык болду. Ал турсун ОДКбынын эки мүчөсү согушканы Кыргызстанга ОДКБнын кереги жок дегенди түшүндүрдү. Кыскасы, Россия мына ушундай кайчы пикир жараткан жагдайга шарт түздү. Сыягы, дүйнө жүзү жакынкы аралыкта чоң өзгөрүүлөрдү күтүп жаткандай. Ошон үчүн саясатчылар жана экономисттер “чоң кризис келе жатат. Дүйнөнү жаңы эрежелер менен иреттөө башталат” деп айтып жатышат.   Ошонун баарын ишке ашырыш үчүн булар Орто-Азияга эптеп эле өрт чыгарып, жаңжал уюштура албай жатышкансыйт. Бир жагынан кооптонбой эле оор болсо да, ушул жолду басып өтүшүбүз керектир.  Анткени, “алыскы туугандан жакынкы кошуна артык” деген кыргыздын жакшы сөзү бар. Ошондуктан биз өзбектер, казактар, тажиктер, түркмөндөр жана кытай менен тил табышканды, сөзгө келгенди үйрөнүшүбүз керек.

- Президент сот реформасын баштоого багыт алды. Сот реформасы кандай багытта жүрсө, адилеттүү сот системасын түзө алабыз?

- Политология илиминде жана дүйнө жүзүндөгү практикада бийлик бутактары үчкө бөлүнгөн.  Сот бийлиги, аткаруу бийлиги, мыйзам чыгаруу бийлиги деп. Ошол үч бутак элге гана көз каранды болуп, эл аркылуу шайланышы керек. Сотторду президент аркылуу шайлатып коюп, реформа кылабыз дегени күлкүнү келтирет. Сотторду эл шайламайын эч кандай реформа болбойт. Анткени, соттор аткаруу бийлигине көз каранды болуп калган. Алардын айтканын кылып, буйругун аткараарын акыркы 30 жылдагы практикада көрдүк. Ошон үчүн сот системасын ак үйгө баш ийдирбешибиз керек.

- Арак ичип, эшигин ача албай жаткан сот туура эле жазаландыбы?

- Туура эле жазаланды. Бирок, арак ичкен анча деле кылмыш эмес. Эмнеге андан ашкан чоң кылмыштарды жасагандарды карабайбыз. Бир жолу мас болуп калса, ошону көрө калганыбыз да туура эмес. Бизге бир жолу мас болгон соттор коркунучтуу эмес. Мас болуп жумушка келгенди алардын уятына, абийирине коюшубуз керек.  Соо туруп, туура эмес чечим чыгарып, жарандардын тагдырын талкалаган  соттор коркунучтуу экенин да эсибизге түйүп, аларга да чара көрүшүбүз керек. Анткени, акыркы мезгилде соттор акылга сыйбаган чечимдерди чыгарып, убал-сооптон коркпой калышкан.

- Эгер адилеттүү сот системасын түзөбүз десек, сотторду эл шайлашы керек. Америкада юристтин сот болушу керек эмес. Ал жакта элде кадыр баркы бар, чындыкты сүйлөгөн адилеттүү кишини сот кылып шайлайт. Эл ишенген киши сот болуп алып,  тегерегине юристтерден команда түзөт. Ошондуктан, биз дагы эл арасында кадыр баркы күчтүү, адилеттүү кишилерди шайлаганды үйрөнүшүбүз керек.

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями