www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чет өлкөнүн номуруна катталган транспорт каражаттарын мыйзамдаштырууга кошумча убакыт берилди. Бул тууралуу Президенттин администрациясы билдирди.
Тактап айтканда Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, чет өлкөлүк номуру бар транспорт каражаттарын легалдаштыруу процессин аяктоо, алардын укуктук статусун жөнгө салуу, легалдаштыруу үчүн кошумча мүмкүндүк берүү, ошондой эле мыйзамсыз эксплуатациялоону алдын алуу жана бул маселени биротоло чечүү максатында токтом кылынат:
1. Легалдаштыруу жол-жобосунан өтпөгөн (анын ичинде унаа токтотуу жайларында турган) чет өлкөлүк каттоо белгилери бар транспорт каражаттарынын ээлерине (айдоочуларына) 1-сентябрга чейин төмөнкүлөргө укук берилсин:
1) Министрлер Кабинети белгилеген тартипте легалдаштыруунун кошумча (акыркы) жол-жобосунан өтүүгө;
2) транспорт каражаттарын Кыргыз Республикасынан ташып кетүүнү жүзөгө ашырууга;
3) транспорт каражаттарынын тетиктерин бөлүп сатууга;
4) Министрлер Кабинети белгилеген тартипте транспорт каражаттарын утилдештирүүнү жүзөгө ашырууга.