www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Украинага согуштук учактарды жөнөтүү согушка кирүү дегенди билдирет. Мындай пикирин Польшанын президенти Анджей Дуда жергиликтүү телеканалдардын бирине билдирген.
"Украинага эч кандай учак жөнөтпөйбүз, анткени бул Украина жаңжалына аскерий кийлигишүүгө алып келет. Биз бул кагылышууга катышпайбыз. НАТО да бул жаңжалга катышуучу эмес",- деп маалымдаган Анджей Дуда
Белгилей кетсек, АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Польшанын Украинага согуштук учактарды жөнөтүү үчүн аракет кылып жатканын билдирген. Мында Украинанын президенти Владимир Зеленский украин аскерлери башкара алчу Орусияда өндүрүлгөн СССР убагындагы учактарды сураган.
Ал арада АКШнын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Жон Кирби Польшанын Украинага согуштук учактарды берүү темасынын Украинанын президенти Владимир Зеленский тарабынан АКШнын күн тартибине киргизилгенин жарыялады.
Булак: NazarNews.kg