www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Беларустан саясий башпаанек сурап, качып кеткен Польшанын мурдагы аскер кызматкери Эмил Чечко Минск шаарында асылган абалда табылды. Бул тууралуу Беларустун Тергөө комитети билдирген. Маалыматка караганда, 25 жаштагы жигиттин денеси ал жашап жаткан батирде табылган. 

Польшалык аскер кызматкери Беларустун чек арасын 2021-жылдын 16-декабрында кесип өткөн. Ал Польша бийлигинин саясаты менен макул эмес экенин маалымдаган. Чечконун айткандары ошол учурда беларус телеканалдарынан байма-бай чагылдырылган. Польшада дезертирлик үчүн ага каршы кылмыш иши козголгон. 

Тергөөчүлөр иликтөөдө суицид жана киши өлтүрүү версияларын карап жатат. Иштин башка жагдайлары маалымдала элек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости