www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ошто социалдык дүкөндөр ачылат

Ошто социалдык дүкөндөрдү ачуу пландалууда. Бул тууралуу Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов базар жана маркеттердеги негизги азык-түлүктүн баасы менен таанышуу учурунда билдиргенин мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Ошко Мамрезервдин корунан кумшекер жана күнкарама майы жөнөтүлөт. Кумшекердин килограммы 70 сом, майдын литри 130 сомдон сатылат. Бул багытта ири соода түйүндөрүнүн өкүлдөрү менен да сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Башкы милдет – калкка негизги азык-түлүктү белгиленген баа боюнча сатып алууга шарт түзүп берүү.

"Биринчи кезекте шаардагы аз камсыз болгон жана социалдык жактан аярлуу жарандар алат. Ош шаарында социалдык сегиз дүкөн ачуу пландалууда. Ал экиге бөлүнүп, бири эт сатса, экинчиси эң керектүү делген сүт, күнкарама майы, кумшекер сатат. Дүкөндүн негизги өзгөчөлүгү - эттин баасы базар баасынан 10-15 пайыз төмөн болушу керек. Ал үчүн фермерлер менен түз келишимдер түзүлөт. Ушундай эле келишимдер башка айыл чарба өндүрүшчүлөрү менен да түзүлмөкчү", — деди мэр.

Ошондой эле, Мамбетов айрым ишкерлер тарабынан жасалма түрдө пайда болгон ызы-чууларды алдын алуу максатында өсүмдүк майы менен кумшекерди сатып алууга чектөөлөр киргизилип жатканын кошумчалаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости