www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украинанын президенти Владимир Зеленский тактыга отургандан кийин, Москвада метродо Зеленскийге окшош адамды сүрөткө тартып алышкан. Ал коомчулукта кызыгуу жаратып, кийин өзбекстандык жаран экени аныкталган.

Өзбекстандык Умид Исабаев кесиби боюнча унаа сырдоочу. 2019-жылы анын Москва метросунда тартылган сүрөтү Украинанын президенти Зеленскийге окшош болгондуктан социалдык тармактарга тараган. Умид ошентип бат эле атактуулукка жеткен.

Күтүлбөгөн популярдуулукка ээ болгондон кийин Умид орусиялык продюсердик компания менен иштешип, бир нече телешоуга тартылып, ал тургай ага Зеленскийди атактуу кылган популярдуу «Эл кызматчысы» сериалынын жаңы версиясында роль сунушташкан.

Исабаевдин келишими 2021-жылы аяктаганда Украина өкмөтү аны үй менен камсыз кылуу жана жумуш табууга жардам берүү үчүн Киевге чакырган. Февраль айынын аягында Орусия Украинага чабуул койгондо ал Киевде болгон. Ал буга чейин иштегендер менен байланышкан. Москвадагылар жаңы келишим түзүүнү сунуштаган, бирок Умид Исабаев андан баш тарткан.

Киевде согуш жүрүп жаткан убакта Умиддин башка шаарга чыгуусу кыйынчылыкка турган. Кийин ал Польшадагы украиналык ыктыярчылар менен байланышып, 8-мартта Киевден 100 чакырым алыстыктагы башка шаарга, үч күндөн кийин Польшанын чек арасына барган. Бир нече саат ичинде Исабаев башка качкындар менен бирге чек араны кесип өткөн. Анын айтымында, ал өтүп бара жатканда чек арачылар күлүп жиберишкен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости