www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украинанын аймактык коргонуу батальондорунун согушкерлери дээрлик 7 миң чет элдикти барымтада кармоону улантууда. Бул тууралуу бейшембидеги брифингде Орусия Федерациясынын Улуттук коргонууну көзөмөлдөө борборунун башчысы, генерал-полковник Михаил Мизинцев билдирди.

Маалыматка караганда, "21 чет мамлекеттин 6894 жараны, ошондой эле, Украинанын деңиз портторунда тосулган жетимиш чет элдик кеменин экипаждары аймактык коргонуу батальондорунун согушкерлеринин барымтасында", — деди Мизинцев.

Белгилей кетсек, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Президент Владимир Путин анын максатын "сегиз жылдан бери Киев режими тарабынан бейбаштыкка жана геноцидге дуушар болгон адамдарды коргоо" деп атаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости