www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Вебкам-студия уюштуруучу делген Даниель Ажиевдин апасынын туулган күнүндө КР эмгек сиңирген артисттери Динара Акулова, Нурлан Насип жана Гүлжигит Калыков төрт кишинин астында ырдашты. Бул тууралуу журналист Баяна Кулова Фейсбуктагы баракчасына жазды.
Ал Маданият министрлигин аталган артисттердин наамынан ажыратууну талап кылды.
«Маданият министрлиги, кабарыңар барбы?
Наамдарынан ажыраткыла!! Акча берсе жакында лөлү болуп кетесиңерби эмне!!!
Динара Акулова, Нурлан Насип, Гүлжигит Калыковдор акча үчүн эки адам отурган жерде да ырдай беришеби? Кыргыздын кыздарын вебкам сойкулукка үндөп онлайн проституция менен иштетип акча тапкан Даниель Ажиев деген бар. Далай жаш кыздардын тагдырына балта чаап, бактысын байлады. Акчага азгырылган жаш кыздар мунун студиясына барып камера алдында чечинип алып чет өлкөлүк эркектерге болгон уяттуу жерин көрсөтүп бейкылык болушат. Башкача айтканда сойкулук менен онлайн алектенишет. Алардын үстүнөн акча таап болушунча чартаңбай тепкен Ажиев наркотикалык заттарды чеккени да буга чейин социалдык тармактарга тараган. Ошол жигит кечээ апасынын туулган күнүн өзүнүн үй-бүлөсү менен белгилептир. Апасы, аялы, балдары болуп отурган кафеге, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисттери Динара Акулова Гүлжигит Калыков жана Нурлан Насиптер келип ырдаган. Эмгек сиңирген артисттер акча үчүн төрт кишинин алдына барып деле ырдай береби? Ырдасын мейли, моралдык жагын ойлондуңарбы? Эл берген, мамлекеттен ыйгарылган наамыңарды сыйлабайсыңарбы жок дегенде!!
Чыгармачылыкка болгон сый кайда калды? Тойлордо го ырдап жүрүшөт, ал жерде эки жүз-үч жүз киши болот. А булар төрт адамдын алдына барып ырдаганы уят эмеспи. Артисттер акча үчүн баарына даяр деп айтылган кептерди ушинтип далилдеп жатышканына жаның кашаят.
Сойкулардан топтолгон акчаны үйүңөргө бала чакаңарга, ата-энеңерге кантип алып бардыңар? Тамагыңардан кантип өттү? Моралдык жактан ушунча бузулуп, Ажиевден айрымаңар калбай калган го?»,-деп сындады Кулова.
Булак: NazarNews.kg