www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын президенти Жо Байденге теринин зыяндуу шишигин алып салуу үчүн операция жасалганын Ак үйдүн дарыгери Кевин О'Коннор билдирди.

Байдендин көкүрөгүнөн табылган бардык оорулуу ткандар 16-февралда Вашингтондогу Уолтер Рид атындагы Улуттук аскердик медициналык борбордо алынган.

Мындан ары дарылоо талап кылынбайт, операциядан кийин 80 жаштагы президент медициналык кароодон өтүп, ден соолугу чың жана «ишке жарамдуу» деп табылган», - деп айтылат Ак үйдүн билдирүүсүндө.

АКШнын башчысынан табылган рак түрү - базалдык клеткалык карцинома - адатта метастаздарды пайда кылбайт.

Ооруну көзөмөлдөө жана алдын алуу борборлорунун (CDC) маалыматы боюнча, базалдык клетка жана сквама клеткалуу карциномалар АКШда тери рагынын эң кеңири таралган эки түрү болуп саналат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости