www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Байден ден соолугунан тайыйт, Сунак, Шольц, Макрон Орусия менен кайрадан мамиле түзүүгө аракет кылат. Украина 2024-жылы кайра кайтып келет. 1989 жылы көзү ачык Ванга 2023 - жылдагы окуяны көрүп алдын-ала айткан: «Коркунуч! Коркунуч! Түркиялык туугандар улуу зилзаланын алдында бүк жүгүлүп жыгылышты. Бадал түбүндө жашынып жаткан бөрүлөр уулуйт, жана эч күнөөсүз кандар дарыя болуп агат» -деген. 2023-жылды алдын-ала айтып болгар көзү ачыгы дүйнөдө ар кандай талкалоочу катаклизмдер болорун алдын-ала эскерткен. Ушул жылы Түркия менен Сирияда зилзала болоорун жана кайталанарын Ванга илгери эле билдириптир. Аалам түйүндөшүп татаалданып баратат. Бирок ушуларды мурун эле көрө билген Вангага кайрылалы. Быйыл Ванганын айтуусунда Орусия менен Украинанын ортосунда эч өзгөрүү болбойт.Ал 2024-жылы «чабалекейлер өз уясына кайтып келе башташат» деп айтыптыр. Донецк жана Луганск элдик республикаларынын, ошондой эле Запорожье жана Херсон облустарынын Орусияга кошулабыз деп референдум өткөргөнү Ванганын сөзүн чындыгын тактап жатат. Төрт аймак «өз уясына кайтып келди», Ванганын айтуусу боюнча бул менен токтобойт дагы бир топ аймактар Орусияга кошулушу мүмкүн. Аягы барып Украина 2024 -жылы Орусияга моюн сунат.
«Эски дүйнө менен жаңы дүйнө биригишип, чыр-чатак күчөп, эски дүйнөдө батыштан согуштук коркунуч туулуп, эки бир тууган калк кармашып, алааматка айланат»,-деп 20-кылымда жашаган болгар Ванга айтып кетиптир. «Эски дүйнө» деп Европаны, «Жаңы дүйнө» деп Американы айткан. «Эски дүйнөнү» согуштук алааматтан сактануусун өтүнгөн, бирок анын оюу ишке ашпай бир тууган Орусия Украинага кирди.
Башкысы 2023-жылы Орусияда эч кандай жаратылыш катаклизми болбойт. Орусияда тынчтык болсо бул Кыргызстанга да тиешелүү. Анын айтуусунда 2024-жылы: "Чабалекей өз уясына кайтып келет". Балким, сөз Украина тууралуу болуп жаткан жокпу? Себеби, чабалекей - Украина мамлекетинин символу. Дагы бир жазууда "Үч эже-сиңди биригишет, алардын улуусу баарын кечирет жана таарынычын унутат" делет. Бул эже-сиңдилер - Орусия, Украина жана Белорусия болушу ыктымал деген ой келет. Белорусия менен анчалык деле эч нерсе болгон эмес го, ал эми Украинаны танка менен тебелеп барып, акыры өз ыгына күч менен салып, Орусиянын мамилеси жагымдуу нукка бурулушу мүмкүн.
2023-жылы Орусия жергесинде эң маанилүү саясий жана экономикалык сүйлөшүүлөр өтө турган болуп турат. Ал сүйлөшүүлөргө көптөгөн европалык мамлекеттердин лидерлери катышып, анын жыйынтыгы бардык континенттердин келечегине түздөн түз таасир этмек. Жыл аягында Украина менен Орусиянын ортосунда түзүлгөн байланыштар кайра жанданып, мында Орусия президенти тынчтык процессинин негизги демилгечиси катары көп нерсени чечет. Жыйынтыктап айтканда, Ванга 2023-жылды Орусияны гүлдөп өсүп-өнүккөн жана активдүү мамлекет катары көргөн. Аскердик жана илимий чөйрөдө ири ачылыштар дал ушул мамлекетте боло турганы тууралуу ишенимдүү айткан. Бул держава өзүнүн күчүн жана кубаттуулугун арттырып, анын лидери өз мамлекетинин атуулдарына бейпилдикти жана бакубаттуулукту тартуулайт...
Ванганын мындай олуялыгына ишенсек, анда, Орусия менен жакын карым-катнашы бар Кыргызстан үчүн да жаман болбос. Себеби, азыр Орусияда биздин миллионго чукул жердештерибиз иштеп, Кыргызстанга тыйын-тыпыр салып турганын баарыбыз билебиз. Кыргызстандын экономикасы алардын тапканы менен кубаттанып турат деп ачык эле айтабыз. Демек, Орусиянын бакубаттуулугу өз кезегинде биздин республикабызды да бакубаттуулукка чакырып, оптимисттик маанайга үндөсө, анда Кыргызстан үчүн да 2023-жыл жакшы жылдардан болот экен деп жыйынтык чыгара алабыз.
2023 жылы көптөгөн адамдар курмандыкка чалынарын айтып, бул Европада бир туугандар ортосунда согуштан улам деп болжогон. 2023 жылы жаңы валюталардан улам доллардын күнү бүтөрү тууралуу айткан. Анын айтуусу боюнча АКШда инфляция контролдон чыгып, америкалык валютанын куну түшө баштайт.
Көзү ачык Ванга 1969 жылы: «Аны көйнөгү жок кылат! Кызгылт-сары көйнөк өрттөнүп жатканын көрүп турам!» -деп төшөгүнөн тура калып кыйкырган. Ванга кандай шартта бул чоочуп, кыйкырып айтканын ким билет, бирок күйүп жаткан көйнөктү Индиянын премьер-министри Индира Гандинин өлүмү менен байланыштырат. 1984 жылдын октябрында драматург Питер Устиновго маек бергени жатып ал кызгылт-сары көйнөк кийип алган. Премьер-министр кадимки аялдардай болгусу келип толук кылып көрсөтөт экен деп, сулуулуктун айынан дайыма кийип жүргөн бронежилетти чечип салат. Аны тартып алууга келген топко бара жаткан жолдо, ал өзүн өлтүргөн адам менен жолугат. Ал Гандини үч ирет аткан да, жанындагы адамга автомат менен ок жаадырган.
1979 жылы Орусиянын келечеги тууралуу Ванганын айткандарын кээ бир маалымат булактары айтат: «Көптөгөн бак-дарактарды көрүп турам. Бул Орусия. Айланасы аппак кар. Кар аябай жааптыр. Эркек менен аялдын үндөрү угулат. Жок, бул эркек менен аялдын добушу эмес – жердин тереңинде бак-дарактар шире менен тамактанып жаткандай. Орусияда өзгөчө жаз келе тургандай». Ванганын бул айткандарын кайра куруу доору менен байланыштырып, буга далил катары экс-канайым Раиса Горбачеванын мемуарларын мисал келтирет. Михаил Горбачевдин жубайы Раиса Горбачева «Мен ишенем...» деген китебинде (80-жылдардын аягында) 1985 жылдын 10-мартын минтип эскерет: «Бакка чыктык. Михаил Сергеевич абдан чарчап турган. Алгач унчукпай туруп, анан минтип айтты: «Эртең — пленум. Мүмкүн мамлекет менен партияны мени башкарсын деген маселе көтөрүлөт». Пленумда Михаил Горбачев КПСС БКнын Башкы катчысы болуп дайындалып, кайра куруу доору башталып, акыры Варшава келишими менен СССРдин тамтыгы чыгат.
Которгон: Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg