www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Биздин негизги максат – мекендештердин өмүрүн сактоо жана өлүмдүн санын азайтуу", - деп бүгүн, 30-июлда премьер-министр Кубатбек Боронов республикалык ыкчам штабдын жыйынында айтты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты.
Ал өлкөдө 30-июль коронавирус инфекциясы пандемиясынын курмандыктарына арналган Улуттук аза күтүү күнү экенин белгиледи.
"Ар бир адамдын өмүрү биз үчүн – баалуу, ал эми ар бир өлүм – бул трагедия жана жүрөктөгү жарат. Биз өлүмдүн санын азайтуу үчүн болгон күч-аракетибизди жумшашыбыз керек", - деди өкмөт башчы.
Жыйындын жүрүшүндө өлкөнүн учурдагы эпидемиологиялык кырдаалы талкууланды.
"Чүй, Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарында ооруп жаткандардын көрсөткүчү жогору. Буга байланыштуу коопсуздук чараларын күчөтүү керек. Учурда жаңы ооруканаларды куруу жана өлкө аймактарында колдонулбай турган имараттардын багытын өзгөртүп, медициналык мекемеге ыңгайлаштыруу боюнча иштер жүрүүдө. Ошол эле учурда эксплуатацияга бериле турган ооруканалар менен бейтапканаларды керектүү медициналык жабдуулар менен камсыз кылуу боюнча жумуштарды жасоо зарыл. Алардын өз учурунда көрсөткөн көмөгүнөн бейтаптын кийинки ал-абалы жана таза айыгып чыгышынан көз каранды. Мындан тышкары дары-дармек менен камсыздоо департаменти үзгүлтүксүз негизде аймактардын, ар бир алыскы айылдын тийиштүү медикаменттер жана жабдуулар менен камсыздалышын көзөмөлдөшү зарыл. "Тез жардам" кызматы кайрылууларга өз учурунда көңүл бурушу керек, алар келе албай жана көмөк көрсөтүлбөй калган учурлар болбошу керек", - деди Кубатбек Боронов.
Штабдын кеңешмесинин жүрүшүндө күндүзгү стационарлардын иши тууралуу маселе талкууланды. Тактап айтканда, Бишкек шаарында медициналык кадр ресурсун натыйжалуу пайдалануу жана оптималдаштыруу максатында айрым пункттардын иштөөсү каралууда. Зарылдык туулган учурда стационарлар өз ишин кайрадан баштоого даяр болушат. Түнкү стационарлар ишин улантат.
Тармактык мамлекеттик органдарга медицина кызматкерлеринин айлык акысын жана компенсациясын өз мөөнөтүндө төлөп берүү тапшырылды.
Экономика министрлигине жеке коргонуу каражаттарын жана башка зарыл жабдууларды жана дарылоо каражаттарын өндүрүүчү атамекендик иш каналарга көмөк көрсөтүү ишин күчөтүү тапшырылды.
Булак: NazarNews.kg