www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков Финансы-экономика системасынын кызматкерлеринин кесиптик майрамы менен куттуктады.

 «Урматтуу финансы-экономика системасынын кызматкерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Кыргыз Республикасынын финансы-экономика кызматкерлеринин күнү менен чын дилимден куттуктайм!

Өлкөнүн жана анын жарандарынын экономикалык жана финансылык бакубаттыгы көп жагынан финансы тармагынын ишинин натыйжалуулугуна жараша болот.

Кыргызстандын финансы-экономика рыногунда бирдиктүү мамлекеттик саясаттын ийгиликтүү ишке ашырылышы, мамлекеттик бюджеттин кирешелеринин көбөйүшү, казыналык системасын ийгиликтүү тейлөө Сиздердин ак ниет эмгегиңердин үзүрү болуп саналат.

Кызматкерлердин мындай сапаты келечекте да алдыга коюлган татаал милдеттерди чечкиндүү аткарууга өбөлгө болооруна ишенебиз.

Сиздерге чың ден соолук жана иштеги ийгиликтерди каалайм».

Булак: NazarNews.kg

Последние новости