www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Премьер-министр: Коронавирус өлкөбүзгө чоң сыноо алып келди

Бүгүн, 19-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында өлкөдө коронавирустун жайылышына каршы көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө өкмөттүн маалыматы угулууда.

Баяндаманы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жасап жатып, коронавирус өлкөбүзгө  чоң сыноо алып келгенин билдирди. “Мамлекетибизге чоң сыноо келди. Адамдар аны кантип көтөрүп кетет? Бул биринчи көйгөйлүү маселе. Бул адамдардын ден-соолугуна жана мамлекеттин бюджетине терс таасир тийгизет. Чек ара аэропорттордо көзөмөлдү күчөттүк. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму менен тыгыз иштеп жатабыз. Соода жүгүртүүгө алакасы бар мамлекет менен болгон чек араны жаап коюу өлкөгө терс таасирин тийгизди. Ден-соолук баарынан кымбат болгондуктан ушундай чечим кабыл алганга аргасыз болдук”, – деди Абылгазиев.

Эске сала кетсек кечээ, 18-мартта Кыргызстандын аймагында коронавирустун биринчи учуру катталды. Анда 13-март күнү Умра сапарынан келген 3 жаранда коронавируска шек жаралып, дене табы түшпөй жаткан. Тесттин жыйынтыгында алардын коронавирус жуктурганы аныкталды. Учурда алар Жалал-Абад облустук ооруканасында жатышат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости