www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыска убакыт аралыгында эле борбор калаабыздагы Ош базарынын аймагында үч ирет өрт кырсыгы болуп кетти. Биринчи өрт кырсыгы Бишкек ТЭЦи кырсыктаган учурга учурга туш келди. Экинчиси Коопсуздук кеңешинин жыйынында мамлекет башчысы күч түзүмдөрүнүн жетекчилерине коррупцияга каршы күрөш боюнча катуу талаптарды койгондон кийин бир айдан кийин болду. Үчүнчүсү, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кадрлары кызматтарынан бошотулуп, өкмөттүн да отставкасы талап кылына баштаган учурга туш келди.
Мунун баары жөн эле эле дал келүү болушуна ишенүү кыйын. Анан дагы ӨКМнын божомолуна караганда, үчүнчү ирет болгон өрт кырсыгы атайылап жасалган болушу мүмкүн.
Эми анализдеп көрөлү, биринчи ирет өрт кырсыгы катталгандан кийин эле Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов, өкмөт башчы Сапар Исаков өрт коопсуздугу боюнча атайын иш-чараларды өткөрүшү керек эле. Тилекке каршы, андай иш-аракеттер таптакыр жасалган жок. Экинчи ирет өрт кырсыгы катталганда да андай иш-чара тууралуу ойлонуп да коюшпады.
Ал эми үчүнчү ирет өрт кырсыгы катталгандан кийин Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов «Ош базарын шаардын сыртына которуу планы бар. Мындай базарлар объезд жолдордо болушу керек» деп маалымат булактарынын бирине комментарий берип атат. Ал эптеп күнүмдүк тиричилигин өткөрүп аткан карапайым соодагерлердин үй-бүлө багуучу товарларынан, орундарынан ажырап калганын таптакыр этибарга алган жок. Өрт кырсыгы болуп, карапайым эл андан жабыркап, анча-мынча оокат-тиричилигин өткөрүп аткан кирешесинен айрылып атса, А. Ибраимов «Ош базарын көчүрүш керек» деп атканы эмнени кыйытат?
Мына ушул өрт кырсыгынын кыска убакытта үч жолу кайталанышы, ӨКМнын бул үчүнчү өрттү атайылап жасалган болушу мүмкүн деген шеги, өрт коопсуздугун алдын-алуу боюнча иш-чаралардын өткөрүлбөгөнү, шаар мэринин «Ош базарын шаар сыртына көчүрүш керек» дегени баары биригип келип, 3 жолку өрт атайылап жасалган болушу мүмкүн деген шекти жаратат. Карапайым соодагерлердин орундарын тартып алып, аларды шаар сыртына кубалоо менен Ош базарынын ордуна С. Исаков менен А. Ибраимов супермаркет салганы атабы?
Булак: NazarNews.kg