www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акча дегенде ата-тегин унутуп, чыпалагын гана салбай, колун матырып жиберчү өкмөт башчысы болгон. УКМК алыс жакынга сереп салып, элдин канын соруп, жалагандарды таап, жазалай баштаган. Мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев коррупцияга жана мыйзамсыз баюуга шектүү катары кармалды. Абылгазиев өкмөт башчы болуп турганда мыйзамдарды бузуп, «Кумтөр Голд Компани» ишканасына геологиялык чалгындоо жана алтын казуу иштерин жүргүзүүгө кошумча жер бөлүп берүүчү токтомго кол койгон. Натыйжада, кендин жалпы аймагы эки эседен ашуун көбөйүп, мөңгүлөрдү жана корукту кошкондо 26,3 миң гектар түзүп калган. Атайын кызмат белгилегендей, бул токтом кабыл алынып жаткан кезде аталган кендин аймагын кеңейтүүгө тыюу салган токтом күчүндө болчу. Мындан тышкары, УКМК Абылгазиев мамлекеттик кызматта турганда өзүнүн активдерин мыйзамсыз көбөйтүп, аларды мыйзамдаштыруу үчүн Бишкекте, Чүйдө жана Ысык-Көлдө кымбат баалуу мүлк сатып алган жана элиталык көп кабат үйлөрдү куруу тармагына каржы салган, кылмыш жообуна тартылбаш үчүн бул активдерди башка адамдарга жаздырып койгон деп эсептейт. Белгилей кетсек, Абылгазиев кармалып, УКМКнын тергөө абагына камалды, тергөө жүрүп жатат. Ал эми мурдагы өкмөт башчы өзү же анын жактоочулары азырынча бул тууралуу эч кандай комментарий берише элек.

Абылгазиевди өнүктүрөбүзбү же ачыккан өлкөбүздү өнүктүрөбүзбү?

Абылгазиев өкмөт башында турганда жакын туугандарын чоң кызматка алып келип жаны тынган эмес. Өлкө өнүкпөсө туруп турат, өзүбүздүкүлөр буттан тура берсин деген заманда жашап жатканбыз. Юрий Гагарин ааламда космоско биринчи учкан космонавт. Анын мындай эрдиги үчүн Саясий бюро өзү кийлигишип капитан Гагаринди майорго алып барбай түз эле подполковник наамын берген. Премьер-министр кезинде Абылгазиевдин бизнесин караган "финполдо" орун басар болуп иштеген өкүл баласы “летуха” эле болгон? Абылгазиев кадырын-салып жүрүп капитанга көчүргөн. Анан ал Гагариндей эрдик кылбаса да өкмөт башчысынын колдоосу менен майорду уруп ойнобой, капитандан түз эле подполковникке секирип кеткен. Эмнеге ага майор “не положено”? Көрсө жыт башка жакта экен, тизме толук эмес болсо да келтирели.

Жалтыраган ресторандар, заңгыраган имараттар укмуштуудай эс алуучу жайларга ээ болгон өкмөт башчынын кара чечекей өкүл баласынын мүлктөрү таң калтырбай койбойт. Баарыбызга белгилүү жаңы гана капиталдык ремонттон өткөн Жибек Жолу/ Турусбеков көчөлөрүнүн кесилишиндеги "Вавилон" рестораны, Алматинка/Ахунбаевдеги "Салкын-Төр" рестораны, Ахунбаев көчөсүндө жайгашкан "Нова" аталышындагы кофе/бар жана автомойка ошондой эле "Гайд Парк" деп аталган Бишкектин четиндеги эс алуучу жай мунун баары Мухамметкалый Абылгазиевдин өкүл баласына таандык деген маалыматтар айтылып жүрөт.

Шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт демекчи, Өкмөт башчынын бизнесин дал ушул өкүл баласы жүргүзөт деген кептер бар. Анын тажырыйбасы жетпесе да капитандан подполковникке көтөрүп, Финполго өкүл баласын орун басар кылган Абылгазиев кызматын кыянаттык менен пайдаланып  26 300 гектар жер «Центеррага» берип жиберген.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости