www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 

КРнын премьер-министри С.Исаковго

Жалал-Абад областынын Аксы районунун Кербен

шаарынын Ленин көчөсүнүн

№41 үйүнүн жашоочусу Абдималикова Айнурадан

abdimalikova.ainura [email protected]

0779960480

 

 

Аксыдан кайрылуу

Менин кайрылуумдун себеби төмөндөгүдөй:

Урматтуу Кыргыз элинин өкмөт башчысы Сапар Жумакадырович!

Өткөн аптада Кыргыз Республикасынын президенти баштаган кеңешме өткөрүлүп, анда коррупция менен аёсуз күрөшүү жөнүндөгү маселелер каралып, президент тарабынан паракорлор менен күрөшүү боюнча бир канчалаган талаптар коюлду.

   Өлкөдөгү паракорлор менен күрөшүүдө Сиз дагы четте карап турбай өз салымыңызды кошот деген чоң ишенимдемин.

Ошондуктан бул кайрылуума көңүл буруп коюңузду өтүнөмүн.

Мен Аксы райондук Билим Берүү бөлүмүнүн башчысы Зиябекова Угулайдан Аксы райондук билим берүү тармагында жүргүзүп жаткан иштериндеги коррупциялык элементтери боюнча Башкы Прокуратурага кайрылганмын.

   Менин арызым боюнча Жалал-Абад облусунун прокуратурасы 21.12.17-ж 11/1-198-17 сандуу билдирүү менен “Аксы районунун Билим  берүү бөлүмүнүн тиешелүү кызмат адамдарына карата Кыргыз Республикасынын КЖКнын 304-ст,306-ст, кылмыштын курамы боюнча кылмыш иш козголду” деп билдирген.

   Андан соң, Кыргыз Республикасынын Ббилим берүү жана илим министри Г.Кудайбергеновага “Аксы районунун Билим  берүү бөлүмүндө болуп жаткан мыйзам бузууларга, мыйзам боюнча чара көрүп, Зыябекова Угулайды убактылуу кызматтан четтетип берүүнү өтүнүп кат жүзүндө кайрылсам, 01.09.18-ж №А-85/1 сандуу каты менен У.Зыябекованы кызматынан четтете албастыгын билдирип, Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзам боюнча прокурор, тергөөчү же сот тарабынан ээлеген кызматынан четтетүү жөнүндө токтом чыгарылган учурда гана кызматчы ээлеген кызмат ордунан убактылуу четтетилет” деп жазуу жүзүндө билдирген.

Демек, У.Зыябековага окшогон кызмат адамдары билим берүү министрлигине танкыс керек экеен деген ойдо калдым.

Арийне, Аксы райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы У.Зыябекованын мыйзамсыз иш аракеттерин билип турган, азыркы министр Г.Кудайбергенованын мыйзамсыз иш аракеттерин билип турган, азыркы министр эмнегедир көрүп-угуп билмексен болгону, мамлекетибиздин бийликтин кадырын кетирип жаткан жокпу?

   Мен сыяктуу жөнөкөй жарандардын тагдыры улам кыйындап, мамлекетибизде мындай терс жана аша чапкан ээнбаш көрүнүштөрдүн аягы качан токтоору азырынча биз сыяктууларга жана келечек муунга туңгуюк.

Ошол эле кезде мамлекетибиздин мыйзамдарын кээ бир адамдар топтошуп алып, өз кызыкчыларына пайдаланып жаткандай таасир калтырууда.

Деги биздин мамлекетте мен сыяктууларды мыйзам коргойбу?

Биз буга дейре бир нече ирет жогорку бийликке кайрылганбыз дагы дагы да үмүтүбүз бар болгондуктан, кайрадан Сизге кайрылып жатамын.

Аксы районундагы Билим берүү тармагындагы мыйзамсыз иш аракеттерин токтотуучубийликтин жетиштүү күчү барбы?

Мыйзамды кадырлабаган, бийликтегитаанышына таянган, коррупционер Аксы районунун билим берүү бөлүмүнүн башчысы Зыябекова Угулай кайсы бир кызыкчылыгы бар кызмат адамдарынкалканыч кылып, мыйзам боюнча тийиштүү деңгээлде жазаланбай, ээлеген кызматында эч нерсени сезбегендей абалда отурат.

Эгерде Сиз тараптан мага жетиштүү деңгээлде жардам болбосо мамлекеттин органдары карга-карганын көзүн чукубайт символу менен бири-биринин кылмыш аракетин жашырып, мага окшогон карапайым калктын кызыкчылыгы үчүн эмес өздөрүнүн кызыкчылыгына пайдаланып, коомчулукка каршы кылмыш жасаган адамдардын санын көбөйтө берерине ишенемин.

   Ушул көрсөтүлгөндөргө терең маани берип менин укуктарымды коргоого салымыңызды кошуп, кайрылуу боюнча тийиштүү чара көрүп берүүнү суранамын.

Алдын ала Сизге ырахматымды айтамын.

Көрүлгөн аракеттердин жыйынтыгын жазуу түрүндө билдирип коюууну өтүнөмүн.

Кайрылууну жазган Абдималикова

Булак: NazarNews.kg

Последние новости