www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түштүк Африкадагы Судан Республикасынын премьер-министри Абдалла Хамдокко белгисиз адамдар бүгүн,9-мартта кол салышты. Бул тууралуу телеканал Al Arabiya билдирди.

Маалыматка ылайык, Судандын борборунда атомобиль көпүрөсүнүн астына жашырылган колго жасалган жарылуучу зат өкмөттүн кортежи келген убакта иштеп кеткен. Маалым болгондой саясатчы жабыркаган эмес.

Sky News Arabia маалымдагандай премьер-министр коопсуз жерге жеткирилди.

Окуядан премьерди коштоп бара жаткан бир кызматкер жеңил жаракат алган. Хамдоктун эки унаасы тең бир аз бузулуп калган.

Абдалла Хамдок былтыр август айында Судан Республикасын 30 жыл башкарган Омар аль-Баширди бийликтен кетирүү төңкөрүшү болгондон бир нече ай өткөндөн кийин, өкмөт башчы болуп дайындалган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости