www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 16-июнда Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициянын жыйынында депутат Аида Касымалиева премьер-министрликке талапкер Кубатбек Боронов залга маанайы суз киргенин айтты.
"Залга кирип жатканда маанайыңыз суз кирдиңиз. Кандай сезимдер болуп жатат? Сүйүнгөн жоксузбу? Бул эми өлкөдөгү эң чоң кызматтардын бири. Залга абдан эле ойлонуп кирдиңиз го", - деп депутат талапкерге кайрылды.
Боронов: "Мен бул тууралуу кечээ кечинде уктум. Сүйүнгөнгө убакыт болгон жок. Бир нерсени сезип турам, алдыбызда чоң жоопкерчилик турат. Ошонун үстүндө иштеш керек. Сүйүнө элекмин, эртең талапкерлигимди бекитсеңиздер сүйүнөм", - деп жылмайды.
Ал эми шайлоону өткөрүүгө байланыштуу кандай иштер жүрүп жатканы тууралуу: "Азырынча мурдагы прогноз менен кетип баратабыз. Шайлоонун кандай өтүшү ички кырдаалга байланыштуу карап көрүлөт", - деди ал.
Булак: NazarNews.kg