www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сооронбай Жээнбеков коррупция менен күрөшүү жана өлкөнү санариптик трасформациялоо боюнча мамлекеттик саясаттын негизги багыттарын ишке ашыруу анын президенттик ишмердигинин артыкчылыктуу багыттары бойдон калаарын белгиледи.

Коопсуздук кеңешинин жыйынында  Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, СДПК лидери Иса Өмүркулов жана «Өнүгүү-прогресс» фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев жана өлкөнүн Башкы прокурору Өткүрбек Жамшитов чыгып сүйлөштү.

Коопсуздук кеңешинин 2018-2019-жылдары өткөрүлгөн жыйындарында кабыл алынган чечимдеринин ишке ашырылышынын жүрүшү жөнүндө баяндама менен Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев сүйлөдү. Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиева Коопсуздук кеңештин 2018-жылдын 8-февралында кабыл алынган «Кыргыз Республикасынын сот, көзөмөл жана укук коргоо органдарында коррупцияга каршы күрөшүү боюнча олуттуу чаралар жөнүндө» чечиминин аткарылышы тууралуу баяндамаларды жасашты.

Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы, Президенттин кеңешчиси Дастан Догоев 2018-жылдын 14-декабрындагы «Кыргыз Республикасын санариптик өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө» чечимдин аткарылышы тууралуу, ал эми  Өнөр жай, энергетика жана кен казуу мамлекеттик комитетинин төрагасы Эмил Осмонбетов 2019-жылдын 30-январындагы «Кыргыз Республикасынын кен казуу чөйрөсүндө коопсуздукту камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» чечимдеринин аткарылышы тууралуу баяндамаларды жасашты.

Жыйындын жыйынтыктары боюнча Коопсуздук кеңеши чечим кабыл алды, ага ылайык, 30га чукул иш-чараларды ишке ашыруу, анын ичинде Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы саясатынын Мамлекеттик стратегиясынын жаңы долбоорун даярдоо сунуш кылынды. Ошондой эле Коопсуздук кеңешинин 2018-2019-жылдары өткөрүлгөн жыйындарында кабыл алынган чечимдерин талаптагыдай аткарбаганы үчүн айрым мамлекеттик органдардын жетекчилерин тартип жоопкерчилигине тартуу сунуш кылынды. Коопсуздук кеңешинин бүгүнкү жыйынында кабыл алынган чечимдин айрым пункттары Жогорку Кеңешке, Өкмөткө жана Жогорку сотко  аткарылбаган иш-чараларды жакынкы жарым жыл ичинде аткаруу сунуштарын камтыйт.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости