www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова менен грек-рим күрөшүнүн балбаны Акжол Махмудов II даражадагы Манас ордени менен сыйланып, 10 миллион сомдук акчалай сыйлык алды. Мындан сырткары, Toyota RAF 4 унаа белекке берилди.

Өз кезегинде Айсулуу Тыныбекова президенттин колдоосуна ыраазычылык билдирип, 2024-жылы Парижде өтүүчү Олимпиада оюндарына катышарын билдирди.

Ушундай эле сыйлык менен грек-рим күрөшүнөн Олимпиаданын күмүш медалын уткан Акжол Махмудовго да берилди.

Белгилей кетсек, ушул тапта "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында президент Олимпиада байге ээлерин сыйлоо аземи өтүп жатат.

Эске салсак, Токиодо өткөн Олимпиада оюндарында Акжол Махмудов (грек-рим күрөшү) менен Айсулуу Тыныбекова (кыз-келиндер күрөшү) күмүш медаль утушкан. Ал эми Мээрим Жуманазарова (кыз-келиндер күрөшү) коло медаль байгелүү орундарды ээлешкен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости