www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев Өзгөн районуна караштуу Аюу айылында табият кырсыгынан каза болгон жарандардын жакындарына материалдык жардам көрсөттү. Бул тууралуу, өлкө башчынын маалымат бөлүмүнөн кабарлайт. Буйрукка ылайык, президенттин социалдык коргоо жана колдоо фондунан жабыр тарткан 7 үй-бүлөгө 100 000 сомдон бөлүнгөн.

Эске салсак, 29-апрелде аталган айылда жер кыртышы козголуп 11 турак үйдү басып калган. Төрт үйдө киши жашаган эмес. Ал эми калган 7 тамда бардыгы болуп 24 киши бар болгон. Издөө иштеринин натыйжасында жер алдында калган 3 адамдын сөөгү табылып, калгандарын издөө улантылууда.

Булак; "egemen.kg"

Последние новости