www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Садыр Жапаров “Айдоочулук күбөлүктөрдү акысыз алмаштыруу боюнча убактылуу улуттук өнөктүктү өткөрүү жөнүндө” жарлыкка кол койду.
Айдоочулук күбөлүктөрдү алмаштыруу боюнча убактылуу улуттук өнөктүктү өткөрүү, Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн административдик жол-жоболорду жөнөкөйлөштүрүү жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында, КР Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылынат:
1.Кыргыз Республикасынын президентинин Иш башкармалыгына караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбор төмөнкүлөрдү өткөрсүн:
– 2026-жылдын 15-январынан тартып ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан улуттук өнөктүктүн аяктагандыгы жөнүндө чечим белгиленген тартипте кабыл алынганга чейин мурда алардын колдонуу мөөнөтү көрсөтүлбөстөн берилген айдоочулук күбөлүктөрдү белгиленген үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөргө акысыз алмаштыруу боюнча убактылуу улуттук өнөктүктү (мындан ары – улуттук өнөктүк);
– жалпыга маалымдоо каражаттарында жана интернет-ресурстарда өткөрүлүп жаткан улуттук өнөктүк жөнүндө кеңири маалыматтык-түшүндүрүү иштерин.
2. Улуттук өнөктүк өткөрүлүп жаткан мезгилде Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилүүчү медициналык күбөлөндүрүүдөн өткөндүгүн ырастоочу документти (083 формасы) берүү талап кылынбайт деп белгиленсин.
3. Ушул жарлык менен каралган иш-чаралар тиешелүү мамлекеттик жана башка уюмдар тарабынан алардын компетенциясынын жана бекитилген финансылык пландарынын чегинде, республикалык бюджеттен кошумча каражаттарды тартпастан ишке ашырылат деп аныкталсын, ошол эле учурда:
– Кыргыз Республикасынын президентинин Иш башкармалыгына караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбор айдоочулук күбөлүктөрдү берүүнү жана каттоону өзүнүн каражаттарынын эсебинен жүргүзсүн;
– Кыргыз Республикасынын президентинин Иш башкармалыгына караштуу “Кызмат” мамлекеттик мекемеси улуттук өнөктүктүн алкагында айдоочулук күбөлүктөрдү жекелештирүүнү өзүнүн каражаттарынын эсебинен жүргүзсүн.
4. Төмөнкүлөр сунушталсын:
– “Учкун” ачык акционердик коомуна айдоочулук күбөлүктөрдү өзүнүн каражаттарынын эсебинен даярдоону жүзөгө ашыруу;
– “Кыргыз почтасы” ачык акционердик коомуна айдоочулук күбөлүктөрдү өзүнүн каражаттарынын эсебинен жеткирүүнү камсыз кылуу.
5. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги улуттук өнөктүктү өткөрүүнүн алкагында айдоочулук күбөлүктөр Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелери тарабынан алмаштырылган учурда:
– улуттук өнөктүк өткөрүлүп жаткан мезгилде чет мамлекеттердин ыйгарым укуктуу медициналык мекемелери тарабынан берилген медициналык күбөлөндүрүүдөн өткөндүгүн ырастоочу документти берүү талабын алып салуу жөнүндө маселени карап чыксын;
– консулдук жыйымдарды алууну Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-декабрындагы № 839 “Консулдук жыйымдар жөнүндө” токтому менен белгиленген тартипте жана өлчөмдөрдө камсыз кылсын.
6. Мурда колдонуу мөөнөтүн көрсөтпөстөн берилген айдоочулук күбөлүктөр улуттук өнөктүктүн алкагында алмаштырылган учурдан тартып күчүн жоготту деп табылат жана андан ары колдонулууга тийиш эмес деп белгиленсин.
7. Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети эки айлык мөөнөттө ушул жарлыктан келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.
8. Бул жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
9. Бул жарлык 2026-жылдын 15-январынан тартып күчүнө кирет жана расмий жарыяланууга тийиш.