www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев 15-июнда Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын (ПРООН) Кыргыз жериндеги туруктуу өкүлү Александр Аванесовду "Даӊк" медалы менен сыйлады. Президент уюмдун өкүлүн Кыргыздагы миссиясынын бүтүшүнө байланыштуу кабыл алып, БУУ менен Кыргыздын кызматташтыгын бекемдөөгө кошкон салымы үчүн медаль тапшырган. Атамбаевдин пикиринде, Аванесов өлкөдө жемиштүү иштеди. Жолугушууда тараптар коррупция менен күрөшүү, сот, шайлоо, укук коргоо системиндеги реформаларды талкуулашканын президенттик аппарат маалымдады. Аванесов уюмдун Бишкектеги өкүлчүлүгү дайыма президент Алмазбек Атамбаевдин колдоосун сезип келгенин айтат.
Камчыбек Бостон "Nazarnews.kg"